• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБ авария боюнча сот: Бримкулов сурак берип баштады

Коом 0

Бишкек, 28.03.19 /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн шаардык Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 2018-жылы январда болгон авария боюнча соттук процесс өтүүдө.

«Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевден сурак алуу аяктады.

Учурда Бишкек ЖЭБ модернизациялоодо "Электр станциялары" ишканасынын башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов сурак берүүдө.

Эскерте кетсек, былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаар тургундарына жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Башкы прокуратура тарабынан КРнын кылмыш Кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүндө (Шалаакылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир

Оставить комментарий