• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мыйзамдарды инвентаризациялоо: Эксперттик топ 124 мыйзамга баалоону жактырды

Коом 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде республиканын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун төртүнчү жыйыны болуп өттү.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана кызыкдар жарандар катышты.

Жыйында мурда тармактык кичи топтордун жетекчилери тарабынан жактырылган 125 мыйзам боюнча баалоолор каралды.

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Асел Чынбаева мыйзамдардыга нвентаризация жүргүзүү боюнча аткарылып жаткан иштердин маанилүүлүгүн эске салып, мыйзамдарды тартипке келтирүү, бардык укуктук боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу, ошондой эле аны өлкөнүн Конституциясынын жаңы редакциясына ылайык келтирүү зарылдыгын белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар ар кандай сунуштарды айтышты.

Тармактык кичи топтор сунуштайт:
• 77 мыйзам – өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат;
• 9 мыйзам – актуалдуу эместигинен улам күчүн жоготту деп таануу сунушталат;
• 25 мыйзам – мыйзам жаңы редакцияда кабыл алынгандан кийин же анын жоболорун башка тармактык мыйзамдарга киргизүү менен жараксыз деп табуу сунушталууда;
• 13 мыйзам – учурда колдонулган редакцияда калтыруу;
• 1 мыйзам – келишпестиктерди чечүү үчүн өзүнчө жыйын өткөрүүгө мыйзам күн тартибинен алынып салынды.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар мыйзамдарды инвентаризациялоонун кийинки баскычына - жаңы редакцияда мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга өтүү үчүн тиешелүү мыйзамдар боюнча бөлүштүрүүнү жактырышты жана бекитишти.

Бул мыйзамдарды баалоонун жыйынтыктары Юстиция министрлигинин сайтында жайгаштырылган (башкы бет, "Мыйзамдарды масштабдуу инвентаризациялоо" баннери, мыйзамдардын критерийлерге ылайыктуулугуна баа берүү).

Белгилүү болгондой, инвентаризация жүргүзүүгө тийиштүү мыйзамдардын жалпы саны 359 мыйзамды түзөт. Бул мыйзамдар 15 тармактык кичи топторго бөлүштүрүлгөн.

Ар бир мыйзам Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилген мыйзамдарды инвентаризациялоо методологиясында белгиленген критерийлерге ылайыктуулугуна бааланган.

Пикир

Оставить комментарий