• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркияда 12 күн. Кыргызстандык куткаруучулар тиешелүү медкаражаттар менен камсыздалды — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 18.02.23. /Кабар/. Түркиядагы жер титирөөдөн кийин кыргызстандык куткаруучулар 12 күндөн бери издөө-куткаруу ишин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Хатай облусунун Антакья шаарындагы бөлүнгөн тилкелерде иштеп жаткан куткаруучулардын ден соолугунун абалын жеринде ӨКМдин фельдшерлери көзөмөлгө алууда. Дарыгерлер күнүнө ар бир кызматкерге дары-дармек, медициналык бет кап жана кол кап, антисептик менен жетиштүү камсыздап, куткаруучулардын жанында болушууда.

Ошондой эле аймакта адамдардын сөөгүн чыгарууда санитардык-гигиеналык талаптар тыкыр көзөмөл менен эрежелер сакталууда. Бардык куткаруучулар жугуштуу оорулардан сактай турчу "3М" үлгүсүндөгү бет кап менен камсыз болушкан. Аталган бет кап көп убакытка колдонууга ылайыкталып, чыпкалагычтарын саат сайын алмаштырып турууга болот. Мындан сырткары, тердетпеген, чаң өткөрбөй турган көз айнектер менен камсыздалган.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий