• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары чек арадагы окуяны талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Өзбекстандын тышкы иштер министринин м.а. Владимир Норов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маектин жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун жетекчилери кыргыз-өзбек мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулашты, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышты, алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги тышкы саясий байланыштарга, анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 26-27-майында Бишкекте өтө турган Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына анын катышуусу боюнча сааттарды тууралашты.

Мындан тышкары, маектешүүчүлөр 2022-жылдын 5-майында Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Төбө-Коргон аймагында Өзбекстандын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан курал колдонулуп, анын кесепетинен КРнын үч жараны каза болгон окуяны талкуулашты.

Тараптар чек ара аймагындагы терс кесепеттерге жол бербөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү, ошондой эле достук жана ынак коңшулуктун негизинде кыргыз-өзбек кызматташтыгын бекемдөө жана кеңейтүү боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий