• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жыл башынан бери 27 миң салык төлөөчү патентти онлайн сатып алышты - Салык кызматы

Коом 0

Бишкек, 26.08.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 7 айында өзүнүн сайты аркылуу салык төлөөчүлөргө экономикалык ишин жүргүзүү үчүн электрондук түрдө 26 миң 999 патент берди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Салык кызматынан белгилешкендей, б ул кызмат ишке киргенден баштап, башкача айтканда 2018-жылдын 1-октябрынан тартып салык төлөөчүлөр бул кызмат көрсөтүүнү 32 миң 547 жолу пайдаланган.

Электрондук патентти алуунун эки жолу бар: Салык кызматынын www.salyk.kg – “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук кызматы жана eID-карта (2017-жылкы жаңы үлгүдөгү паспорт) аркылуу.

Салык кызматы билдиргендей, интернет аркылуу электрондук патент алуу салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ошондой эле, салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт.

"Патентти кеңседен (кызмат көрсөтүү жана соода түйүндөрү) же үйдөн чыкпай туруп, күндүн кайсы маалы экенине карабай интернет аркылуу алууга мүмкүн болгондуктан, салык төлөөчүлөргө ар жолу салык органына баруунун кереги жок. Патент үчүн төлөмдү терминалдар, банкоматтар жана башка банктык төлөм карталарын тейлөө жана кабыл алуу боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда электрондук патент үчүн “Viza” жана “Элкарт” карталары аркылуу бир катар банктардан (“Демир банк”, “Кыргызкоммерц банк”, “РСК Банк”), ошондой эле “Элсом”, “Умай” жана “Аманат” мобилдик капчыктары аркылуу төлөөгө болот.

Ошондой эле “Оптима банк”, “РСК Банк”, “Айыл банк”, “БТА банк”, Quickpay, Megacom, AsisNur, Terempay төлөм терминалдары аркылуу жана “РСК Банктын” жана “Айыл банктын” кассалары аркылуу накталай төлөмдөр каралган.

Пикир

Оставить комментарий