• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

27-31-августка карата күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.08.19. /Кабар/. 27-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 27-августта күндүз жана 28-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 28-августта күндүз жана 29-31-августтарда тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтулбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий