• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Талас: Боо-Терек айыл аймагында үйлөрдүн короосун суу каптап, өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 18.02.23. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 17-февраль күнү саат 15:00дөр чамасында Боо-Терек айылында жааган карлар ээрип, суу 17 турак үйдүн короолорун каптаган. Ошондой эле Ынтымак айлынын тоо этегинен ээриген кар үч турак үйдүн короосун каптаган.

Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында алты куткаруучу тартылган.

Суу капто коркунучу сакталып тургандыгына байланыштуу 17-февраль күнү Боо-Терек айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий