• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Караколдо мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Караколдо мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компанияга аныкталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл аймактык архитектуралык курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан Каракол шаарынын Кутманалиева менен Пржевальский көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Дайыр Хаус" ЖЧК ишканасына пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз курулуш обьектисинде мыйзамсыз аракеттер аныкталган. Буга байланыштуу объектиге ээлик кылган "Дайыр Хаус" ЖЧКга 200 миң сом административдик айып салынып, курулуш иштерин токтотуу жана архитектуралык иш кагаздардын реестрден өткөрүү боюнча эскертме берилди.

Пикир

Оставить комментарий