• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузакта Жалал-Абад — Кара-Дарыя унаа жолун реконструкциялоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Сузак районунун Сузак жана Ырыс айыл өкмөттөрүнөн өтүүчү Жалал-Абад — Кара-Дарыя унаа жолун реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Азыркы тапта жолду кеңейтүү боюнча “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту тарабынан техникалык-экономикалык негиздеме даярдалууда.

Долбоордун алкагында Жалал-Абад — Кара-Дарыя автожолундагы Ырыс айыл өкмөтүнүн, Күмүш-Азиз айылынын жана Бишкек — Ош автожолундагы айлампадан баштап узундугу 5,4 чакырым, ал эми туурасы 22 метрге чейин кеңейтүү каралган.

Сузак районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн аныктоо иштеринде Сузак айылында жалпысынан 184 курулуш, ал эми Күмүш-Азиз айылынан 78 ар түрдү багыттагы мыйзамсыз курлуштар аныкталган.

Анын ичинен:

- Сузак айылында коммерциялык 83 курулуш, 4 мамлекеттик мекемелердин тосмолору, 71 турак жай жана 26 турак жайлардын тосмо кашалары;

- Күмүш-Азиз айылынан 28 коммерциялык курулуш, 19 турак жай жана 31 турак жайлардын тосмо кашалары.

Белгиленгендей, учурда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте курулуш ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аталган мыйзамсыз объекттер буздурулууда.

Пикир

Оставить комментарий