• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери Ошто миңден ашуун жаран жумуш менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Жыл башынан бери Ошто миңден ашуун жаран жумуш менен камсыз болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмгек министри Кудайберген Базарбаев Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөргөн.

Аталган борбор жумушсуз жаштарга жана мектеп окуучулары кесип тандоодо жардам көрсөтөт.

"Жолугушууда шаардык башкармалыктын кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын беш айында 251 жумушсуз кийим тигүү, кондитердик цехтер, коммуналдык кызматтар жана башка ишканаларга ишке орношкону айтылды. Андан тышкары, 112 адам эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутууга багытталган, 830 жумушсуз акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылганы туралуу маалымат берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий