• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад мэриясы “Balance.kg” компаниясы менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Жалал-Абад мэриясы “Balance.kg” компаниясы менен кызматташа.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жолдубай Бөрүкулов “Balance.kg” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Белгиленгендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алмашуу жүрдү.

Кызматташтыктын алкагында шаар тургундарына “Balance.kg” тиркемеси аркылуу муниципалдык менчик башкармалыгындагы жер тилкелердин, турак эмес жайлардын ижарасын, жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин төлөмдөрүн, жер салыгын, унаа токтоочу жайлардын төлөмдөрүн төлөөгө шарт түзүлдү.

Ошондой эле “Balance.kg” тиркемеси аркылуу Жалал-Абад шаарындагы коммуналдык төлөмдөрдү да төлөөгө болору белгиленди.

Адистер аталган мобилдүү капчыкты колдонуу менен убакыт үнөмдөп каалаган учурда төлөм жүргүзүү мүмкүн экенин белгилешет.

Белгилей кетсек, “Balance.kg” компаниясы Кыргызстанда 5 жылдан ашуун убакыттан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Аталган тиркемени колдонуу менен төлөм жүргүзүү аркылуу бюджетке түшүүчү каражаттардын сөл чөнтөккө кетүүсүнүн алдын алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий