• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бардык аялдамалар бир типте болот – мэрия

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы жаңы аялдама комплекстеринин долбоорлорун бекитти.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мындан ары борбордогу бардык аялдамалар бир типте болот. Буга чейин аялдамаларды реконструкциялоо долбоору пилоттук режимде ишке киргизилген.

Борбор калаанын тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн аялдамалар кышында жылытуу, ысык мезгилде кондиционер системасы менен камсыздалган. Ошондой эле аялдамаларда коомдук транспорт каттамдары көрсөтүлгөн стенд болот.

Мындан тышкары, ар бир жаран Wi-Fi тармагына туташып, интернет кызматтарын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Аялдамалар эки типте болот, бири 10-12 метр, экинчиси чоңураак, аларды негизги көчөлөргө жана проспекттерге орнотуу пландалууда.

Белгилей кетсек, бекитилген долбоор боюнча аялдама курууну каалагандар Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине кайрылып, кеңеш алса болот.

Пикир

Оставить комментарий