• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткендик балдарга президенттин жаңы жылдык белеги тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 05.01.18 /Кабар/. КРнын Президентине кат жазып, жаңы жылдык белек алууну кыялданган балдарга, өлкө башчысынын белегин КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев тапшырды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдон планшет жана таттууларды белекке алган окуучулар Президентке ыраазычылыктарын билдиришти. Кубанычка бөлөнгөн балдар, мектепте мыкты окуп, жакшы кесипке ээ болуу менен Кыргызстанга кызмат кылуу тилектери менен бөлүшүштү.

Белгилей кетсек, алар Кадамжай районунун Майдан айылынын Кара-Жыгач айылынын кичинекей тургуну, төрт бир туугандын улуусу Нурзида Маматураимова, Орозбеков айылында жашаган 1-класстын окуучусу Гапаров Альфинур жана Кызыл-Кыя шаарынын кичинекей тургуну Бекзат Алимжановдор.

Ал эми балдардын ата энелери, балдарынын кыялын орундаткан Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирип, Президенттин мындай колдоосу балдардын келечекке болгон умтулуусуна зор дем, күч берээрин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий