• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дордой базарында эс-тутумун жоготкон адам табылды

Коом 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Дордой базарынын унаа токтотуучу жайынан эс-тутумун жоготкон адам табылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, ал эркекти бүгүн табышкан.

"Бутунда жеңил бут кийим болуп, бир түгөйү жок экен. Ага кепич алып бердик. Ал үйүнөн чыкса керек. Себеби, үстүндө жылуу кийими жок экен. Биз Тез жардамды чакырдык", - дейт күбөлөр.

Ошондой эле алар андан ичимдиктин жыты келбегенин жана Бишкектеги Ош базары тарапты айтып жатканын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий