• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Биз таңдан кечке чейин иштеп жаттык - сыйлык алган милиция кызматкери пандемия учурундагы иши тууралуу

Коом 0

Бишкек. 28.09.20 /Кабар/. 27-август күнү президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык сыйлыктар - "Даңк" медалы, ардак грамоталары менен 90 киши сыйланган.

Сыйлык алган милиция кызматкери, Кыргызстандын самбо боюнча чемпиону Нурисбек Бекбердиев пандемия учурундагы иши тууралуу айтып берди.

- Пандемия маалында иштөө кыйын болдубу?

- Карантин учурунда курчоого алынган жерде иштедик. 3 ай бою эртеден кечке, кээде түндөн эртең мененки убакытка чейин иштедик. Командирдин буйругу боюнча саат 06:00дө жумушка чыгып, кечки 20:00гө чейин иштеп жаттык. Биз элдин бейпилдиги үчүн кызмат кылабыз деп ант бергенбиз да. Кызмат өтөө учурунда кыйын мезгилде ал нерсени эстен чыгарган жокпуз.

- Азыр абал кандай?

- Азыр жеңил болуп калды. Карантин менен чектөөлөр жок. Кадимки тартипте иштеп жатабыз. Өз убагында эс алып, график боюнча иштеп жатабыз. Биз кандай учур болбосун кызмат өтөөгө даярбыз.

- Мурда кандай сыйлыктарды алдыңыз эле?

- Мурда мындай жогорку сыйлыктарды алган эмесмин. Бул менин биринчи чоң сыйлыгым. Мен абдан кубачытамын. Рахмат!

Пикир

Оставить комментарий