• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Казакбаев Самсун шаарынын СӨП төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Самсун шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев аталган шаардын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) төрагасы Салих Зеки Мурзиоглу менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кзматынан билдиришти.

Самсун чоң шаар жана өнүккөн логистикалык инфраструктурасы жана аба, деңиз жана кургактык транспорт каражаттары менен Кара деңиз аймагындагы маанилүү өндүрүш ишканаларынын борбору.

Самсун Соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Салих Зеки Мурзиоглу элчи Руслан Казакбаевге шаардын негизги тармактары, экономикалык түзүмү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Мурзиоглу Самсундун айыл чарба жана өнөр жай инфраструктурасы, саламаттыкты сактоо инвестициялары жана туристтик аймактары менен Кара деңиз аймагындагы эң маанилүү шаар экенин белгиледи.

Ал ошондой эле Түркия менен Кыргызстан дос гана эмес, бир тууган мамлекеттер экенин белгиледи. Буга байланыштуу ал бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде элчи Руслан Казакбаев Кыргызстанга инвестиция тартуунун артыкчылыктарына токтолуп, түрк тарапты өлкөнүн экономикасына жигердүү инвестициялоого чакырып, мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканын билдирди. Өзгөчө көңүл айыл чарба, мал чарбачылыгы, гидроэнергетика, туризм, тоо-кен жана жеңил өнөр жай сыяктуу инвестициянын артыкчылыктуу багыттарына бурулду.

Жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди мындан ары талкуулоо жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүү, ошондой эле инвестициялык потенциалды изилдөө максатында элчи Самсун провинциясынын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий