• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта мыйзамсыз акча алмаштырган 3 жаранга айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Таласта мыйзамсыз акча алмаштырган 3 жаранга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, Таласта Ч.М.Б., А.Д.М., А.У.А. аттуу жарандар Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүшкөн. Буга байланыштуу Улуттук банкттын Талас облустук башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын үч жаранынын ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий