• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жети-Өгүздө үй-бүлөлүк салтанаттардагы ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Жети-Өгүздө жарандарга үй-бүлөлүк салтанаттардагы ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери “Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча” президенттин жарлыгынын негизинде жер-жерлерде калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жолугушууларды өткөрүүдө.

Жолугушуулардын бири Жети-Өгүз районунда жүрүп жатат.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондук милиция кызматкерлери тарабынан калкка ысырапкерчилик жана ашыкча чыгымдар үй-бүлөлүк экономикалык абалга терс кедергисин тийгизерин түшүндүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий