• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Транспорт министрлиги: Балыкчы–Чолпон-Ата–Корумду жолун куруу иштери 68,6% аяктады

Аймак 0


Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолун куруу иштери 68,6% аяктады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы 251 чакырым жол оңдоодон өткөн. Анын ичинде Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолунун 52 чакырымы салынып, 14 көпүрө курулган.

Ошондой эле 2018-жылы жолдорду оңдоо жана кароо иштерине 1 млрд. 984,8 млн. сом коротулган.

"2018-жылы Бишкек-Ош жолунда "Сосновка" жана "Кара-Көл" пункттарында тоннелдерден өтүү үчүн төлөмдү терминалдар аркылуу алуу системасы" киргизилген. Андан тышкары, жалпы узундугу 907 чакырым жол паспортоштурулган", - деди Бердалиев.

Пикир

Оставить комментарий