• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош мэри Кең-Сай жаңы конушун жакшыртуу боюнча иштин жүрүшүнөн кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 4-ноябрь күнү Ош шаарынын 3,5 миңден ашуун тургунуна турак-жай куруу үчүн жер берилген Кең-Сай массивинин жолун асфальттоо, инфра түзүмүн жакшыртууга көрүлүп жаткан чаралар менен таанышууга, айрым маселелерди адистер менен жеринен кеңешүү үчүн аталган жаңы конушка барды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы конушка баруучу негизги жолдун 2,8 километри жакында республикалык бюджеттен асфальтталат. Учурда электр мамычалары орнотулуп, чубалгыларын тартуу иштери жүрөт.

"Адистер ички жолдорун салуу, электр менен камсыздоо, сугат суу алып келүү, социалдык мекемелерди куруу сыяктуу эң ириде аткарылчу жумуштар, аларды чечүүнүн жолдору жөнүндө калаа башчысына сунуш-пикирлерин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Мэр жумуштарды мүмкүн болушунча тездетүүнү тапшырып, мэрия тарабынан жасалчу каражат табуу, инвесторлор менен сүйлөшүү, керектүү документтерди кабыл алууну тездетүү маселелерине көзөмөл болоорун айтты.

Белгилей кетсек, Кең-Сай массиви үйү жок жарандарга турак-жай куруу үчүн бөлүнүп берилген. Каражаттын тартыштыгынан көп жылдардан бери инфраструктурасы жакшырбай келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий