• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксыда мектеп окуучуларынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Аксыда мектеп окуучуларынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аксы РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери район аймагындагы мектептерде окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында лекцияларды өтүшүп, окуучулардын кызыктырган суроолоруна жоопторду беришти.

Мектептердин жогорку класстарынын кыздары арасында "Кыздардын ден соолугу кылымдын ден соолугу" темасында семинар-тренинг өткөрүлдү. Ошондой эле «COVID-19», «Вакцинация», «Зордук-зомбулук», «Чоңоюп бойго жетебиз» деген темаларда жыйындарды уюштурушуп, бир топ маалыматтар берилди.

Пикир

Оставить комментарий