• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясы: Саптык кароо жана сыйлоо өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда Жалал-Абад облустук милициясынын имаратында саптык кароо өткөрүлдү.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, өздүк курамдын жайкы мезгилге карата даярдыгы жана күнүмдүк жумушта керектелүүчү каражаттары текшерүүгө алынды.

Мындан сырткары, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Кылычбек Жолдошов өздүк курамды санитардык нормаларды сактоого жана элге азыркы кырдаалды туура түшүндүрүүгө чакырды.

Ошондой эле өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, кызматтык ишмердүүлүктөгү мыкты көрсөткүчтөргө жетишкендиктери жана Криминалист кызматынын түзүлгөн күнүнө карата Жалал-Абад ОИИБинин Ыкчам-криминалистикалык бөлүмүнүн кызматкерлери ардак грамоталар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий