• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында 8 чакырым саркынды жана 40 чакырым суу түтүктөрү тартылат

Аймак 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын “Суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо” долбоорунун экинчи фазасы башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында шаарда 8 чакырым саркынды суу түтүктөрү жана 40 чакырым суу түтүктөрү тартылат. Ошондой эле №2 саркынды сууларды кабыл алуу жайы жаңыланат.

Долбоор Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан карыжыланууда. Ага 9 млн 275 миң евро бөлүнгөн. Аталган каражаттын 4 млн евросу насыя, калганы грант түрүндө берилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий