• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элдик курултай: Чүйдө делегаттар шайланууда

Аймак 0

Бишкек, 05.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Москва, Панфилов, Чүй, Ысык-Ата райондорунда жана Токмок шаарында Элдик курултайга делегаттарды шайлоо жүрүүдө.

Облустун ар бир айыл аймагынан эки делегат, райондук маанидеги шаарларынан бирден, Токмок шаарынан эки делегат шайланат.

Белгилей кетүүчү жагдай, президенттин 2022-жылдын 15-августундагы №284 жарлыгына ылайык, чакырылган Элдик курултай курамы 1074 делегаттан турат.

Анын ичинде:

- административдик-аймактык бирдиктерден - 1036 делегат;

- чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан - 28 делегат;

- конфессиялык коомчулуктардан - 10 делегат.

Ал эми административдик-аймактык бирдиктерден делегаттардын шайланып келүүсүнө төмөнкүдөй квота каралган:

- 452 айыл аймагынын ар биринен экиден (904 делегат);

- облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);

- Бишкек шаарынан алтымыш жана Ош шаарынан отуз (90 делегат).

Эске салсак, Элдик курултай Бишкекте 25-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий