• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элдик курултай: Баткенде 59 делегат шайланды, дагы 12си тандалат

Аймак 0

Бишкек, 05.11.22. /Кабар/. Баткенде 37 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ичинен 31инде курултай жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Элдик курултайга Баткен облусунан катыша турган делегаттарды шайлоо уланып жатат. Саат 14:00гө карата 31 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жергиликтүү курултайлар жыйынтыкталып, Элдик курултайга катыша турган 59 делегат шайланды. Дагы алты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жыйындар жүрүп жатат.

Жергиликтүү курултайлардын жүрүшүндө Баткен облусунун аймагында укук бузуулар катталган жок.

Белгилей кетсек, жер-жерлерде 15-октябрдан 25-октябрга чейин жергиликтүү курултайдын делегаттарын тандоо өткөрүлүп, облус боюнча жергиликтүү курултайга жалпы 3857 делегат шайланган. Бүгүн Баткен облусунун аймактарынан биринчи Элдик курултайга 71 делегат шайланышы керек.

Эске салсак, Элдик курултай Бишкекте 25-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий