• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын шаарында фитосанитардык лаборатория ачылды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 31-майында Нарын облусуна караштуу Нарын шаарында фитосанитардык лаборатория ачылды. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, лабораториянын ачылышына айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков катышты.

ЕАЭБдин бардык талаптарына жооп бере турчу мындай заманбап лабораторияларды республиканын жети облусуна ачуу пландалууда.

Ошондой эле Нарын шаарындагы лабораторияларда берилген сертификаттар ЕАЭБдин бардык стандарттарына шайкеш келет.

Пикир

Оставить комментарий