• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн негиз жок - Досалы Эсеналиев

Саясат 0

Бишкек, 26.06.18. /Кабар/. Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн эч кандай негиз жок. Бул тууралуу КР шайлоо системасынын стратегиясын талкуулоо учурунда президент аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев билдирди.

Анын айтымында, шайлоо системасын жакшыртуу боюнча стратегия 6 айдан бери иштелип жатат.

“2020-жылдагы шайлоого чейинки эрежелер бир жыл мурун аныкталышы керек, бул жерде 2019-жылдын сентябрь айы боюнча кеп болуп жатат. Учурда бизде эрежени аныкташ үчүн бир маселе бар. Мыйзамдын бардык долбоорлору кабыл алынышы керек”, - деди ал.

Эсеналиев бардыгы өз убактысында кабыл алына тургандыгын белгиледи.

Эске сала кетсек, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары 2015-жылдын күзүндө шайланышкан.

Пикир

Оставить комментарий