• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Буканын сегиз айыл өкмөтүндө курултайга делегаттарды шайлоо өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.11.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун сегиз айыл өкмөтүндө курултайга делегаттарды шайлоо өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жыйындар саат 10:00дө салтанаттуу Гимн менен башталды. Саат 12:00гө карата төрт айыл өкмөттө жыйын жогорку деңгээлде аяктап, дагы төрт айыл өкмөттө жыйын жүрүп жатат. Райондон жалпы 16 делегат шайланат.

Президенттин 2022-жылдын 15-августундагы №284 жарлыгына ылайык, чакырылган Элдик курултай курамы 1074 делегаттан турат.

Анын ичинде:

- административдик-аймактык бирдиктерден - 1036 делегат;

- чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан - 28 делегат;

- конфессиялык коомчулуктардан - 10 делегат.

Ал эми административдик-аймактык бирдиктерден делегаттардын шайланып келүүсүнө төмөнкүдөй квота каралган:

- 452 айыл аймагынын ар биринен экиден (904 делегат);

- облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);

- Бишкек шаарынан алтымыш жана Ош шаарынан отуз (90 делегат).

Эске салсак, Элдик курултай Бишкекте 25-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий