• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл: Каракол шаарында Элдик курултайга делегаттар шайланды

Аймак 0

Бишкек, 05.11.22. /Кабар/. Бүгүн 5-ноябрда Каракол шаарында Элдик курултайга делегаттарды шайлоо процесси жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү курултайга шаар боюнча жалпысынан 192 делегат катышты.

Жыйында талкуулар жүрүп, азыркы учурда эки делегат шайланды. Алар жалпы Элдик курултайга катышууга шаардын атынан мүмкүнчүлүк алышты.

"Жалпысынан Каракол шаарында коомдук саясий абал туруктуу, делегаттарды шайлоо тынч, жоболорду сактоо менен ѳттү", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Элдик курултай Бишкекте 25-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий