• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокен районунда ири текстиль фабрикасынын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Ноокен районунун Арал айылында ири текстиль фабрикасынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Долбоорго ылайык, фабриканын курулушун иштерин 2024-жылдын соңуна чейин бүткөруү пландалган. Ага жергиликтүү бийлик тарабынан 20 гектар жер аянты бөлүнгөн. Курулуштун жалпы наркы 30 млн 950 миң АКШ долларын түзүп, 560 жаңы жумуш орду пайда болот.

Текстиль фабрикасында пахтадан кездеме жана даяр продукцияларды өндүрүүгө чейинки керектүү шарттар түзүлмөкчү.

Бүгүнкү капсула салуу иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, коңшу Өзбекстан Республикасынын Наманган облусундагы Art Soft Holding ЖЧКсынын Кыргызстандагы директору Рашанбек Шамшидинов, Россиянын SASSA GROUP компанияларынын директору Ерден Мухаметов, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.

Облус башчысы бул демилге аймактагы дыйкандардын көп жылдан бери түйшөлтүп келе жаткан пахтанын биржадагы баасына болгон көз карандуулуктан арылуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, даярдалган өндүрүмдөрдү экспортко чыгаруу менен жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга чоң салым кошоорун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий