• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Талас облусу боюнча муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылууда

Аймак 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Талас облусу боюнча муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылууда. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпысынан муктаж болгондорго 73 тонна 850 кг ун, 2 тонна 100 кг макарон, 850 литр өсүмдүк майы, 5 тонна 675 кг күрүч, 100 пачка чай жана 500 кг кумшекер таркатылды.

"Жалпысынан облуста демөөрчүлөр тарабынан 1 988 үй-бүлө жардам алышты. Мындан тышкары, медициналык каражат түрүндө 6 тонна 744 кг хлор, 65 180 даана беткап, 1 403 л антисептик, 670 даана коргоо костюмдары, 3 705 даана кол каптар гуманитардык жардамдар көрсөтүлдү. Облус боюнча көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 6 млн 304,6 миң сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий