• 88.68
  • 95
  • 0.95

Облус башчысынын кубогун ким жеңди? Баткенде волейбол боюнча мелдеш аяктады

Аймак 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Баткенде волейбол боюнча облус башчысынын кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке жалпы 25 команда катышкан.

Спорттун волейбол түрү боюнча төмөнкүлөр жеңүүчү аталды:
- 45 жашка чейинкилер арасында Баткен шаарынын командасы;
- 45 жаштан жогоркулар арасында Кадамжай районунун командасы;
- кыз-келиндер арасында Баткен районунун командасы жеңишке жетти.

Жеңүүчүлөргө ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Облус башчысы өз сөзүндө район шаардан келген катышуучуларга кызыктуу достук мелдеш үчүн ыраазычылыгын айтып, спортту өнүктүрүүгө кошкон салымдарын жогору баалады.

Ал эми жеңүүчү болгон кыз-келиндер командасына Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилди.

Спорттук иш-чара президенттин “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында облус элинин ынтымагын, биримдигин чыңдоо, коомчулукту сергек жашоого үндөө максатында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий