• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагынын тургундары менен жолугушуулар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында милиция кызматкерлери, райондун акими, жергиликтүү күч структурасынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери биргеликте жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, элдик жыйындарды өткөрүштү.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө коомдук тартипти көзөмөлдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу, чек ара, жер, суу, жайыт маселелери көтөрүлүп, талкуулар жүрдү.

Тургундар аталган аймактарда катталган кылмыштар өз учурунда бети ачылып, коомдук тартипти сактоодо милиция кызматкерлери күнү-түнү кайгуулдарда жүрүп жатканын баса белгилешип, жергиликтүү милиция кызматкерлеринин аткарып жаткан кызматында маселелер жок экенин билдирип, ыраазычылыктарын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий