• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облустук милициясы кыз ала качууга каршы ролик даярдады

Аймак 0


Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү К. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети менен биргеликте кыз ала качууга каршы атайын видеоролик даярдады.

Анда бой жеткен баласын үйүнө келин алып келүүсүн айтып шаштырган ата-эне, алардын тилине кирип бейтааныш кызды ала качкан бала тууралуу баяндалат.

Бирок ойлогон максаты ишке ашпай, кыз ала качып бараткан балдар милиция тарабынан кармалат. Бейтааныш кызды ала качууга үгүттөгөн жаран өзүнүн күнөөсүн сезип, башка бирөөлөрдүн тагдырын талкалаганына өкүнүп, өз өмүрүн кыят. Ал эми келин алып келүүнү айтып баласын шаштырган ата-эне туура эмес иш кылышканын, алардын максатын ишке ашырыш үчүн баласы темир тор артына кетип жатканына аябай өкүнүшөт.

Видеоролик кыз ала качуу кылмыш экендигин билсе да бул жолго барган жигиттерге сабак болуу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий