• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарындагы көчөлөр үзгүлтүксүз дезинфекцияланууда

Аймак 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош шаарынын аймактары залалсыздандырылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын №12, 13, 29, 85, 109 Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү тарабынан Ош шаарынын Сулайман-Тоо, Туран, Амир-Темир, Курманжан-Датка, Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыктарынын Супаналиев, Раимбеков, Кара-Суу, Ош, Мир, Навои, Исанов, Раззаков, Жим, Тилеке Баатыр, Депутат, Москва, Шакиров, Терешкова көчөлөрүндө жайгашкан турак үйлөрдүн кире бериш дарбазалары, тротуарлар, көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддери, жер төлөөсүндөгү унаа коюучу жайлар, балдар ойноочу аянтчалар, азык-түлүк сатуучу дүкөндөр дезинфекцияланды.

Эскерте кетсек, учурда залалсыздандыруу иштери өлкөнүн бардык аймагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий