• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Көлдө 2 тоннадай кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Кара-Көлдө 2 тоннадай кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү жана БЗМЖКККнын кызматкерлери тарабынан “Кара куурай” аталыштагы атайын ыкчам-иликтөө, профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү. Анын алкагында шаар төрт аймакка бөлүштүрүлүп, милиция жана тийиштүү кызмат өкүлдөрүнөн 35 кызматкер бекитилип, ыкчам алдын алуу иштери аткарылды.

Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылындагы талаада өскөн 1 гектардан ашуун аянттагы 2 тоннадай жапайы кара куурай орулуп, өрттөлүп жок кылынды.

Жалпысынан “Кара куурай” ыкчам-иликтөө иш-чарасын өткөрүү учурунда 3 түнкү клуб, 3 менчик мейманкана текшерилди. Ошондой эле наркологиялык борбордо каттоодо турган 5 атуул менен жекече маектер өткөрүлдү. Ош-Бишкек авто жолунда баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүнү жана оор түрлөрү менен алектенгендерди аныктап кармоо боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп, ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте 10 автоунаа текшерүүгө алынды. Мындан сырткары күчтүү дары-дармектер менен алектенген 3 медициналык мекеме текшерилип, мыйзам бузуулар аныкталган жок.

Кара-Көл шаарынын аймагында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн аныктоо, алардын кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу максатында тийиштүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий