• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында ишкер айымдардын улуттук форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Жалал-Абад шаарында Бүткүл дүйнөлүк айымдардын ишкердик күнүнө карата "Өнөктөштүктүн жаңы жолдору" аталышындагы ишкер айымдардын улуттук форуму өттү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара ЮСАИДдин "Агросода" долбоору жана "Курак" Айымдар форуму коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, ага президенттин өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, облус аймактарынан келген ишкер айымдар катышты.

Жыйында ийгиликтүү ишкер айымдар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, андан ары өнүктүрү жолдору талкуулашты.

Облус башчысынын орун басары айымдардын ишкердигин колдоо, ар түрдүү багыттагы жаңы бренддерди ойлоп табууга көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул багыттагы ишти илгерилетүү үчүн аймактардагы жергиликтүү бийлик тарабынан да колдоолор көрсөтүлөөрүн кошумчалады.

"Курак" аялдар форуму" коомдук бирикмеси Кыргызстанда айымдардын ишкердигин колдоо жана илгерилетүү багытында иш алып барат. Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте айымдар форуму 2022-2026-жылдары Аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана кабыл алууну демилгелеп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий