• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын ишин текшерди

Коом 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын ишин текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын №35, №54 орто мектептерде жана №12 мектепке чейинки билим берүү мекемесине орнотулган жаңы газ от казандарынын иши менен таанышты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Жунушалиев орун басары Жыргалбек Шамыралиевге жана башка жетекчилерге Бишкек мэриясынын балансында турган орто мектептердин жана бала бакчалардын аймактарын тез арада иретке келтирүүнү, мындан тышкары, от казандарды орноткондон кийин №12 бала бакчанын балдар аянтчасын калыбына келтирүү иштери милдеттүү түрдө жүргүзүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, шаардын экологиялык абалын жакшыртуу максатында социалдык объектилердин 22 көмүр отканасы жылытуунун альтернативдүү түрүнө өткөрүлдү.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникаларын кышкы мезгилге даярдоонун жүрүшү менен таанышып жатып, мэр «Тазалык» ишканасынын директоруна муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору менен биргеликте жараксыз техникаларды эсептен чыгаруу иштерин тездетүүнү, ишкананы оптималдаштыруу, ошондой эле таштандыларды эффективдүү жайгаштыруу жана санитардык-гигиеналык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу, муниципалдык катуу заттар үчүн пресс-компрессорду иштеп чыгуу (ишке киргизүү) боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Санитардык полигондун аймагындагы иштерди текшерүүнүн жыйынтыгы менен муниципалитеттин башчысы Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басарына БСП МИнин директору менен биргеликте эски полигондун ордун жашылдандыруу иштерин уюштурууну милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий