• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда инфляциянын жылдык көрсөткүчү акырындык менен төмөндөөдө

Экономика 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда инфляциянын жылдык көрсөткүчү акырындык менен төмөндөп жатат. Бул тууралуу КР Улуттук банктын экономика башкармалыгынын жетекчиси Айнура Мамбеткул кызы билдирди.

Ал 2023-жылдын IIl чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчету тууралуу айтып жатып, жылдын башында инфляция жылдык мааниде 15,3%ы түзсө, бүгүнкү күндө (2023-жылдын 24-ноябрына карата) ал 8% төмөндөгөндүгүн билдирди.

"Инфляциянын түзүмүндө товарлардын азык-түлүк тобунда баанын өсүшү басаңдаганын байкоого болот. Алсак, алар боюнча жылдык мааниде баалардын өсүшү дээрлик 16% деңгээлинен төмөндөп, 4% түзгөн. Буга дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баанын акырындык менен төмөндөшү да өбөлгө түзгөн", - деди Айнура Мамбеткул кызы.

Пикир

Оставить комментарий