• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда эки жылдын ичинде жумушсуздардын саны 7,7%га кыскарды

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда эки жыл ичинде жумушсуздардын саны 7,7%га кыскарды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гулнара Баатырова "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жумушсуздардын санынын кыскарышы калкты иш менен камсыз кылуу саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугунун көрсөткүчү болуп калды.

"Эки жылдын ичинде республикада жумушсуздуктун саны 7,7%га төмөндөдү. 2023-жылдын 1-ноябрына карата расмий жумушсуздуктун деңгээли 0,3% төмөндөп, 2,6% түздү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий