• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жол оңдоо технологияларын бузгандарга чара көрүлдү

Коом 0

Бишкек, 7-май /Кабар/. КР транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Чүй облусу боюнча инспекциялык сапарынын жүрүшүндө Бишкек-Торугарт унаа жолунун 26-27 чакырымында оңдоо технологияларын бузууларды аныктады. Бул тууралуу ал жетектеген ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Аң-чөнөктөрдү оңдоо иштеринде асфальт-бетон төшөө процессинде бузуулар аныкталган. Министр жумушчуларга эскертүү берип, алардын жетекчилерине административдик чаралар көрүлдү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы күндөрү аймактарда ТЖМ алдындагы Жол чарба департаментинин түзүмдүк бөлүктөрү тарабынан аң-чөнөктөрдү оңдоо иштеринин жүрүшүнө байланыштуу КР ТЖМ башчысы тарабынан тиешелүү башкармалыктарга, Жол чарба департаментинин жетекчилигине оңдоо технологияларын сактоону текшерүү жүргүзүү тапшырылды.

Белгиленгендей, иштин технологияларын бузган жумушчуларга карата тартипке чакыруу жаза чарасы колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий