• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Бугу-Эне-Багыш» конушунун кичинекей тургундарына кышкы күрмөлөр тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Биринчи май районунун администрациясы «Хьюман Аппиэл» эл аралык кайрымдуулук фонду менен биргеликте райондун социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөттү.

Биринчи май администрациялык районунан кабарлашкандай, «Бугу-Эне-Багыш» конушунун кичинекей тургундарына 30 даана кышкы күрмө тапшырылды.

Балдар ошол жерден эле кышкы кийимдерин райондун башчысы Жамалбек Ырсалиев жана фонддун директору Айюб Али жардамы менен кийип көрүштү.

Белгилей кетсек, «Бугу-Эне-Багыш» конушунда фонддун эсебинен 0,6 га аянтты түзгөн фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) жана 2,68 гектар аянтты ээлеген мектепти куруу пландалууда, долбоорду иштеп чыгуу башталды.

Эске салсак, өткөн жылы жаңы конушта 103 даана темир-бетон мамылар, 630 кВт кубаттуулуктагы 1 ГКТП жана 4,5 км СИП зымы орнотулуп, трансформатордук көмөк чордонду туташтыруу иштери бүткөрүлгөн.

Шаар тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында, 219 метр тереңдикти түзгөн скважина калыбына келтирилип, суу чыпкасы жана скважинаны иштетүү үчүн контейнер орнотулду. Ошондой эле №120 маршуруттук каттам жүрө баштады. Биринчи май акимиаты тарабынан жаңы конуштун борбордук көчөсүнө шагыл төгүү иштери жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: «Бугу-Эне-Багыш» эң алыскы конуштардын бири, Бишкек шаарынан 44 чакырым алыстыкта жайгашкан, 40 үй-бүлө жашайт.

Пикир

Оставить комментарий