• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кесиптик лицейлер 16 миңден ашуун көчөт отургузду — Билим берүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Кесиптик лицейлер республикалык акциянын алкагында 16 миңден ашуун көчөт отургузду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө өлкөдөгү кесиптик лицейлер “Бир окуучу – бир көчөт” жыл сайын өтүүчү жалпы республикалык акциянын алкагында 16 миң 418 көчөт отургузду.

Анын ичинде:

  • Бишкек шаары – 2079 көчөт,
  • Чүй облусу – 1619 көчөт,
  • Ош облусу – 3827 көчөт,
  • Жалал-Абад облусу – 4261 көчөт,
  • Баткен облусу – 1714 көчөт,
  • Ысык-Көл облусу – 1500 көчөт,
  • Нарын облусу – 653 көчөт,
  • Талас облусу – 765 көчөт.

Ошондой эле апрель айынын аягына чейин дагы көчөттөрдү отургузуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий