• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мугалимдердин жыл сайын өтүүчү август конференциясы болду

Коом 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Бишкекте мугалимдердин жыл сайын өтүүчү август конференциясы өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конференция №29 мектеп-гимназиянын базасында өткөрүлүп, ага борбордун вице-мэри Виктория Мозгачева, КР билим берүү министри Болотбек Купешев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев жана мугалимдер катышты.

Катышуучулар "Сапаттуу билим берүү жана окутуу - өлкөнүн өнүгүүсүнүн жана гүлдөп-өсүшүнүн кепилдиги" темасын талкуулашты.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Ж.Иманалиева доклад жасады.

Борбордун вице-мэри Виктория Мозгачева борбордогу билим берүүнүн айрым аспектилерине токтолуп, аларды чечүү үчүн перспективдүү пландарын билдирди.

Белгилей кетсек, катышуучулар борбордук билим берүүнүн жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө, "Манас" эпосунан үзүндүлөрдүн аткарылышына күбө болушту.

Пикир

Оставить комментарий