• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

Экономика 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Ички валюта рыногунда абал туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу КР Улуттук банктын экономика башкармалыгынын жетекчиси Айнура Мамбеткул кызы билдирди.

Анын маалыматына таянсак, Улуттук банк өзгөрүлмө алмашуу курсу режимин карманып, алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн гана валюталык тооруктарга катышат.

"Улуттук банк тарабынан 2023-жылдын башынан бери (27-ноябрга карата) ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын сатуу боюнча жүргүзгөн интервенцияларынын жалпы көлөмү болжол менен 655,7 млн АКШ долларын түзгөн. Биздин баа берүүлөр боюнча 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн реалдуу өсүшү 5 пайызга жакын көрсөткүчтү, Кумтөрдү эсепке албаганда 6,5 пайызга жакынды түзөт. Сектор боюнча алганда учурдагы экономикалык өсүш курулуш жана кызмат көрсөтүү тармагы менен колдоого алынган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий