• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык дагы бир самбочу эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Сыймык Жапаров Россия өтүп жаткан эл аралык мелдеште 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу +98 кг салмакта катышкан. Жалпы эки беттеш өткөрүп, жарым финалдык беттеште орусиялык балбанга жеңилген.

Белгилей кетсек, кыргызстандык самбочу Байэл Жакшылыков да аталган мелдеште коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий