• 88.68
  • 95
  • 0.95

Социалдык төлөмдөр толугу менен жана өз убагында каржыланат – Каржы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Социалдык төлөмдөр толугу менен жана өз убагында каржыланат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору Марлен Амандыков билдирди.

"Пландаштырылган айлык акы, жөлөкпул жана ММКФ жана Социалдык фонддун бюджетине берилген трансферттер толугу менен каржыланып жатат. Бүгүнкү күндө апрель айына карата 2 млрд 706 млн сом бөлүндү. Анын ичинен айлык маяна боюнча 342 млн сом, Социалдык фондго чегерүүлөр 20 млн сом жана Социалдык фонддун бюджетине трансферт катары 1 млрд сом жана 608 млн сом социалдык жөлөкпулдарга бөлүнгөн. Апрелге пландаштырылган чыгымдардын баары толугу менен берилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий