• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

“Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

“– мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы 5-тиркемеге ылайык;

– муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы 6-тиркемеге ылайык.”;

2) ушул Жарлыктын 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда 5, 6-тиркемелер менен толукталсын;

3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:

– Тартиптин 1-тиркемеси ушул Жарлыктын 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын

31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

– I бөлүмдүн “Саясий мамлекеттик кызмат орундары”

1-главасында:

онунчу абзац “Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысы” деген сөздөрдөн кийин “, Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги” деген сөздөр менен толукталсын;

он биринчи абзацта “, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги” деген сөздөр алып салынсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий