• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милиция бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышууну улантууда

Аймак 0

Бишкек, 06.01.23./Кабар/. Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Жеӊишбек Абитов Токтогул, Аксы жана Ала-Бука райондорунда болуп, милиция кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирет.

Жолугушууларга Аксы жана Ала-Бука РИИБдин ардагерлери кошо катышып, насаатчылык иштери болуп жатканын жана милициянын элге болгон ишеничин арттыруу максатында бир топ сунуштарын айтышты.

Жеӊишбек Абитов санариптештирүү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта жумуш алып барып, видеобайкоочу каражаттарды көбөйтүп, коопсуз аймак долбоорун ишке ашыруу талабын койду. Участкалык инспекторлордун ишмердүүлүгүнө токтолуп, тейлеген аймагы боюнча административдик паспортун толук ишке ашырып, калктын калың катмары менен кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Райондук милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздүк курамга шарт түзүү боюнча жумуш алып барып, анын орун басарлары өз багыттары боюнча жумуштарын тиешелүү деңгээлде аткарууга милдеттүү экендигин баса белгиледи.

Аксы милициясына мал уурулуктарды болтурбоодо жана катталган кылмыштын бетин ачууда кылдаттык менен иштеп, бул багытта алдын алуу иштерин күчөтүү зарылдыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий