• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында тойканаларга болгон рейд улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында тойканаларга болгон рейд улантылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ мэрдин милдетин аткаруучу Нуртилек Орозбаев жана тийиштүү тармактардын өкүлдөрү калаадагы 10го жакын той өтүүчү жайларды текшеришти.

Рейддин алкагында “Гүлзада” жана “Санжыра” этно-ресторанында той өтүп жатканына күбө болушту. Буга чейин берилген эскертүүлөргө карабай массалык чогулууну шарттап, той өткөрүп жаткандары үчүн эки тойканага мыйзам чегинде чара көрүлдү. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, айыппул салынды.

Тойканаларга болгон көзөмөл күчөтүлүп, мындай рейддер алдыда да улантылат. Шаар аймагында коронавирус илдети күчөп жаткандыктан коомдук жайлардын ишмердүүлүгүнө бир катар чектөөлөр киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий